Акыркы бир суткада COVID-19 инфекциясына каршы 11 921 адам эмдөөдөн өттү
Новость www

Кыргызстанда акыркы бир суткада COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы 11 921 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди. 

Маалыматка ылайык, анын ичинен 5 278 адам вакцинанын биринчи дозасын, 6 643 жаран экинчи дозасын алды. Өлкө боюнча жалпы 725 667 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 511 724 жаран экинчи компоненти менен эмделген.