Өлкөдө 10-сентябрга карата коронавирус дагы 3 бейтаптын өмүрүн алды. Жаңы катталган учурлардын саны 100гө жетти.
Анын ичинде Бишкек шаарында – 49, Чүй облусунда – 20, Ош облусунда — 2, Талас облусунда – 5, Нарын облусунда – 4, Ысык-Көл облусунда – 11, Жалал-Абад облусунда – 4, Баткен облусунда – 5 адамдан табылды. Бир суткада 132 адам илдеттен сакайып чыкты.
Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 690 бейтап дарыланууда.