Өлкөдө 9-сентябрга карата коронавирус дагы эки жарандын өмүрүн алды. Ал эми бир күндүн ичинде 104 адамдан илдет жаңы аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында - 61, Ош шаарында - 1, Чүй облусунда - 16, Талас облусунда - 3, Нарын облусунда - 3, Ысык-Көл облусунда - 9, Жалал-Абад облусунда - 7, Баткен облусунда - 4 адамдан илдет табылды, 137 адам оорудан сакайып чыкты.
Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 698 бейтап, амбулатордук түрдө 1 миң 122 адам дарыланууда. Пандемия башталгандан бери 176 миң 883 адам коронавирус жуктурган болсо, алардын ичинен 171 миң 48 киши айыгып, 2 миң 563 адам оорунун курмандыгы болду.