Ош шаарында жапырт эмдөө акциясы өтөт
Новость www

Ош шаарынын борбордук аянтында калкты коронавирус инфекциясына каршы массалык эмдөө иш-чарасы өтөт. Маалыматка ылайык, акциянын алкагында концерттик программа тартууланат, ошондой эле, жаштардан түрдүү флешмоб уюштурулат. 

Борбордук аянтта баардык каалоочулар коронавируска каршы эмдөө ала алышат. Вакцинаны алгандарга баалуу белектер берилет. Белгилей кетсек, иш-чара республикалык штабдын протоколуна ылайык 1-сентябрдан 10-сентябрга чейин өткөрүлүп жатат.