Кыргызстанда эмдөө атайын бекитилген Улуттук календардын негизинде жүргүзүлөт
Новость www

“Кыргызстандан эмдөө атайын бекитилген Улуттук календардын негизинде жүргүзүлөт. Эмдөөлөрдүн улуттук календарында вакциналарды киргизүү жана колдонуу боюнча сунуштамаларды иштеп чыгуу боюнча сунуштарды киргизүү үчүн вакцинанын коопсуздугун жана натыйжалуугун аныктоо зарыл. Бул боюнча иш алып барган эксперттердин илимий-техникалык тобу КР Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдындагы вакциналар жана иммунизация боюнча консультациялык топ болуп саналат”, - деп билдирди жогорку категориядагы дарыгер, медицина илимдеринин кандидаты Нурмухаммед Бабаджанов.

Анын айтымында, вакцинанын коопсуздугуна жана натыйжалуугуна кепилдик алуу үчүн Кыргызстан 17 жылдан бери ЮНИСЕФ аркылуу ДСУнун сертификациясынан өткөн улуттук календардагы вакциналарды алып келүүдө. Ал эми, биздин өлкөдө Улуттук көзөмөлдөө органы болуп Дары-дармек менен камсыздоо жана медициналык техника департаменти саналат.

“Эмдөө - жугуштуу ооруларга каршы натыйжалуу жана экономикалык жактан пайдалуу коргонуу каражаты болуп саналат”, - деп белгиледи Н. Бабаджанов.