Эмдөө - коронавирустан коргонууда натыйжалуу жана пайдалуу - Нурмухаммед Бабажанов
Новость www

Эмдөө - коронавирустан коргонууда натыйжалуу жана пайдалуу. Бул тууралуу брифинг медицина илимдеринин кандидаты Нурмухаммед Бабажанов билдирди. 

Анын айтымында, Кыргызстанда эмдөө атайын бекитилген Улуттук календардын негизинде жүргүзүлөт. Вакцинанын коопсуздугуна жана натыйжалуугуна кепилдик алуу үчүн Кыргызстан 17 жылдан бери ЮНИСЕФ аркылуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун каттоосунан өткөн улуттук календардагы вакциналарды алып келет. Улуттук көзөмөлдөө органы болуп дары-дармек менен камсыздоо жана медициналык техника департаменти саналат.