COVID-19: Кыргызстанда акыркы бир суткада 2 миң 999 адам эмдөөдөн өттү
Новость www

Кыргызстанда акыркы бир суткада COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы 2 миң 999 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди. 

Маалыматка ылайык, 1 миң 91 адам вакцинанын биринчи дозасын, 1 миң 908 жаран экинчи дозасын алды. Өлкө боюнча жалпы 701 миң 155 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 480 миң 957 жаран экинчи компоненти менен эмделди.