Кыргызстанда бир суткада 109 адамдан COVID-19 табылып, 4 бейтап каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында - 36, Ош шаарында - 1, Чүй облусунда - 31, Талас облусунда - 2, Нарын облусунда - 4, Ысык-Көл облусунда - 29, Жалал-Абад облусунда - 5, Баткен облусу - 1 адамдан илдет табылды. Ал эми бир суткада 101 адам жугуштуу тумоодон сакайып чыккан.
Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 845 бейтап, амбулатордук түрдө 1 миң 109 адам дарыланууда. Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 176 миң 582 адам коронавирус жуктурду. Алардын ичинен 170 миң 624 киши айыгып чыкса, 2 миң 554 адам каза болду.