Кыргызстанда акыркы бир суткада COVID-19 инфекциясына каршы 9 миң 412 адам эмдөөдөн өттү.
Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди. Маалыматка ылайык, анын ичинен 3 миң 344 адам вакцинанын биринчи дозасын, 6 миң 68 жаран экинчи дозасын алды. Өлкө боюнча жалпы 700 миң 24 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 479 миң 40 жаран экинчи компоненти менен эмделди.