Кыргызстанда бир суткада 126 адамдан COVID-19 табылып, 4 бейтап каза болду.
Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти. Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында – 46, Чүй облусунда – 25, Талас облусунда – 10, Нарын облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда – 38, Жалал-Абад облусунда – 4, Баткен облусунда - 1 адамдан илдет табылды.
Ал эми бир суткада 127 адам илдеттен сакайып чыккан. Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 875 бейтап, амбулатордук түрдө 1 миң 72 адам дарыланууда. Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 176 миң 473 адам коронавирус жуктурду. Алардын ичинен 170 миң 523 киши айыгып чыкса, 2 миң 550 адам каза болду.