Бишкекте коронавирус менен ооругандарды дарылоо үчүн бүгүнкү күнгө карата 260 бош орун бар
Новость www

3-сентябрдын саат 10:00гө карата Бишкекте коронавирус менен ооругандарды дарылаган ооруканаларда 260 бош орун бар. Республикалык штаб төмөнкү бош орундар тууралуу маалымат берди: 

- Улуттук госпиталдын мобилдик клиникасында - 88;

- Улуттук госпиталдын Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагерлери үчүн бөлүмдө - 67;

- №6 шаардык клиникалык ооруканасында - 34;

- Улуттук фтизиатриа борборунда - 29;

- Республикалык жугуштуу оорулардын клиникалык ооруканасында - 23;

- Онкология жана гематология борборунда - 14;

- Улуттук хирургия борборунда - 5 орун бош.