Өлкөдө соңку бир айда коронавирус илдетин жуктуруп алгандар азайганы менен, эпидемиологиялык абал турукташты деп айтууга эрте. Мындан улам санитардык көзөмөл күчүндө.
Акыркы бир суткада оору 142 адамдан табылса, анын 59у Бишкек шаарында аныкталды. Ошол эле учурда оорудан каза болгондордун да саны азая элек. Акыркы бир суткада илдеттен 4 бейтап каза болду. Адистер жамааттык иммунитетке жетүү үчүн калктын 70 пайызы эмделиши керек экенин айтып жатышат.
Азыр ден соолукка көбүрөөк кам көрө турган учур. Өлкөдө эпидемиологиялык абал турукташып баратканы менен ага карабай санитардык эрежелерди сактоо маанилүү. Республикалык ден соолукту чыңдоо борборунун адистери жарандарды беткап тагынып, социалдык аралыкты сактоого, эл көп чогулган жерге барбоого чакырат.