Өткөн сутканын жыйынтыгы менен 142 адамдан коронавирус илдети аныкталып, 102 киши айыгып чыкканын Республикалык штаб кабарлады.
Бишкекте – 59, Чүй облусунда – 28, Ош облусунда – 4, Талас облусунда – 3, Нарын облусунда – 3, Ысык-Көл облусунда – 33, Жалал-Абадда - 2, Баткенде - 10 жаңы учур катталды. Ушуну менен илдетти жуктуруп алгандардын жалпы саны 176 018 болду. Ал эми бир сутка ичинде 290 киши сакайып, былтыртан бери 170 169 адам жакшы болуп кетти. Тилекке каршы, бир суткада төрт бейтап көз жумган. Пандемия башталгандан бери оору 2 536 кишинин өмүрүн алды.
Акыркы маалымат боюнча, ушу тапта стационарда 954 жана амбулатордук түрдө 910 адам дарыланып жатат.