Кыргызстанда 1-сентябрга карата коронавирус дагы 142 адамдан аныкталды
Новость www

Кыргызстанда 1-сентябрга карата коронавирус дагы 142 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 70, Ош шаарында – 1, Чүй облусунда – 18, Талас облусунда – 1, Нарын облусунда – 6, Ысык-Көл облусунда – 35, Жалал-Абад облусунда – 1, Баткен облусунда- 10 адамдан илдет табылган. Ал эми бир суткада 290 адам тумоодон сакайып чыккан.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен өлкө боюнча 4 бейтап каза болду. Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 1 миң 36 бейтап, амбулатордук түрдө 795 адам дарыланууда. Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 175 миң 876 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 170 миң 67 киши айыгып чыкса, 2 миң 532 адам каза болду.