Кыргызстанда акыркы сутка ичинде COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы 3 087 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.
Маалыматка ылайык, анын ичинен 893 адам вакцинанын биринчи дозасын, 2 миң 194 жаран экинчи дозасын алды. Өлкө боюнча жалпы 676 миң 330 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 434 миң 97 2 жаран экинчи компоненти менен эмделди.