Кыргызстанда бир күндө 196 адамдан COVID-19 табылып, 4 бейтап каза болду
Новость

Кыргызстанда бир күндө 196 адамдан COVID-19 табылып, төрт бейтап каза болду. Республикалык штабдын маалыматына ылайык, вирус Бишкек шаарында - 65, Ош шаарында - 2, Чүй облусунда - 33, Ош облусу - 7, Талас облусунда - 10, Нарын облусунда - 5, Ысык-Көл облусунда - 36, Жалал-Абад облусунда - 26, Баткен аймагында - 12 адамдан табылды. 

Ал эми бир сутка ичинде 386 адам илдеттен сакайып чыкты. Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 1 миң 184 бейтап, амбулатордук түрдө 1 миң 481 адам дарыланууда. Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 175 миң 9 адам коронавирус жуктурган. Алардын 168 миң 398и айыгып чыкса, 2 миң 507 адам каза болду.