Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин жаңы курамы бекитилди
Новость www

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин айрым маселелери жөнүндө” Жарлыкка кол койду.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 8-пунктуна ылайык, Мамлекет башчысы Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешин түзөт жана жетектейт.

Бул Жарлык менен өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин төмөнкү курамы түзүлдү:

- Кыргыз Республикасынын Президенти, Коопсуздук кеңешинин төрагасы;
- Коопсуздук кеңешинин Төрагасынын орун басары;
- Коопсуздук кеңешинин катчысы;
- Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү.

Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү төмөнкүлөр:
- Жогорку Кеңештин Төрагасы;
- Министрлер Кабинетинин Төрагасы;
- Президенттин Администрация башчысы;
- мамлекеттик катчы;
- башкы прокурор;
- коргонуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын жетекчиси;
- тышкы иштер чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын жетекчиси;
- өзгөчө кырдаалдар чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын жетекчиси;
- ички иштер чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын жетекчиси;
улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын жетекчиси.