Кыргызстанда дагы 229 адамдан COVID-19 табылып, төрт бейтап каза болду. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында – 102, Ош шаарында – 7, Чүй облусунда – 46, Ош облусу – 8, Талас облусунда – 3, Нарын облусунда – 12, Ысык-Көл облусунда – 27, Жалал-Абад облусунда – 14, Баткен облусу - 10 адамдан илдет табылды. Ал эми бир суткада 444 адам илдеттен сакайып чыкты.
Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 1 миң 260 бейтап, амбулатордук түрдө 1 миң 794 адам дарыланууда. Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 174 миң 576 адам коронавирус жуктурду. Алардын ичинен 167 миң 590 киши айыгып чыкса, 2 миң 498 адам каза болду.