Кыргызстанда акыркы 24 сатта COVID-19 инфекциясына каршы 4 миң 869 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.
Маалыматка ылайык, анын ичинен 1 миң 181 адам вакцинанын биринчи дозасын, 3 миң 688 жаран экинчи дозасын алды. Өлкө боюнча жалпы 635 миң 867 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 356 миң 215 жаран экинчи компоненти менен эмделди.