Кыргызстанда бир суткада 228 адамдан COVID-19 жаңы табылып, 5 адам каза болду. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында – 152, Ош шаарында – 1, Чүй облусунда – 27, Талас облусунда – 9, Нарын облусунда – 3, Ысык-Көл облусунда – 26, Жалал-Абад облусунда – 8, Баткен облусунда - 2 адамдан илдет табылды. Ал эми бир суткада 394 адам илдеттен сакайып чыкты.
Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 1 миң 375 бейтап, амбулатордук түрдө 2 миң 159 адам дарыланууда. Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 174 миң 148 адам коронавирус жуктурду. Алардын ичинен 166 миң 702 киши айыгып чыкса, 2 миң 489 адам каза болду.