Өлкөдө бир суткада COVID-19 инфекциясына каршы 23 820 адам эмдөөдөн өттү
Новость www

Өлкөдө бир күндө COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы 23 820 адам эмдөөдөн өттү. Республикалык штаб билдиргендей, эмделгендердин 7 179у вакцинанын биринчи дозасын, 16 641 жаран экинчи дозасын алды. 

Өлкө боюнча жалпы 630 230 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 339 996 жаран экинчи компоненти менен эмделди.