Кыргызстанда акыркы бир күндө коронавирус дагы 248 адамдан аныкталды
Новость www

Кыргызстанда акыркы бир күндө коронавирус дагы 248 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет. 

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 121, Ош шаарында – 1, Чүй облусунда – 51, Ош облусунда – 6, Талас облусунда – 6, Нарын облусунда – 9, Ысык-Көл облусунда – 25, Жалал-Абад облусунда – 13, Баткен облусу - 16 адамдан илдет табылган. 

Ал эми бир суткада 492 адам илдеттен сакайып, ооруканадан чыкты. Соңку 24 саатта COVID-19 илдетинен өлкө боюнча беш бейтап каза болду. Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 1 миң 451 бейтап, амбулатордук түрдө 2 миң 467 адам дарыланууда. Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 173 миң 676 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 165 миң 860 киши айыгып чыкса, 2 миң 478 адам каза болду.