Кыргызстанда акыркы бир суткада 25 миң 886 адам эмдөөдөн өттү
Новость www

Кыргызстанда бир суткада COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы 25 миң 886 адам эмдөөдөн өттү. Республикалык штаб билдиргендей, анын ичинен 8 миң 305 адам вакцинанын биринчи дозасын, 17 миң 581 жаран экинчи дозасын алды.

Өлкө боюнча жалпы 622 миң 845 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 323 миң 237 жаран экинчи компоненти менен эмделип, жалпы 950 миңден ашык вакцина пайдаланылды.