Кыргызстанда билим берүү тармагынын кызматкерлеринин 39,4 пайызы, башкача айтканда 60 миң 225 кызматкер эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.
Айтымында, бүгүнкү күндө республика боюнча билим берүүнүн бардык деңгээлдериндеги уюмдарында, кенже жана техникалык персоналды кошкондо жалпы 152 миң 827 кызматкер иштейт.
Алардын ичинен мектепке чейинки уюмдардын кызматкерлеринин 92,7%, мугалимдердин жана мектеп тарбиячыларынын 51,9%, баштапкы кесиптик билим берүү жаатында эмгектенгендердин 59,4%,орто атайын билим берүү мекемелеринде иштегендердин 41,3%,жогорку окуу жайларында иштегендердин 32,6% эмделишти.