COVID-19 коронавирустук инфекциясы менен күрөшүү боюнча Республикалык штаб 18-август, саат 10:00гө карата бош орундар боюнча маалымат берди. Маалыматка ылайык, Бишкекте жалпы 397 бош орун бар.
- №6 шаардык клиникалык ооруканада - 98;
- Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканада – 83;
- Улуттук госпиталь: Урологиялык корпус - 70;
- Улуттук госпиталь: Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери үчүн - 48;
- Улуттук онкология жана гематология борборунда - 34;
- Улуттук кардиология жана терапия борборунда – 33;
- Улуттук эне жана баланы коргоо борборунда – 31.