Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги жыл соңуна чейин калктын 70%ын эмдөөдөн өткөрүүнү пландап жатат. Бул тууралуу маалымат жыйында Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.
Айтымында, азыр 586 миң адам эмдөөдөн өттү. “Вакцинаны толук алган мамлекеттик мекемелер да бар. Маалыматтарга караганда, өлкөдө калктын 38% коронавирус инфекциясы менен ооруган”, - деди министр. Бейшеналиев белгилегендей, эгерде калктын 70%ы эмдөөдөн өтсө, анда COVID-19дун төртүнчү толкуну болбойт.