Кыргызстанда акыркы бир күндө 23 629 адам коронавируска каршы эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдирди.
Маалыматка ылайык, анын ичинен 8 926 адам вакцинанын биринчи дозасын, 14 703 адам экинчи дозасын алган. Өлкөдө 595 600ү биринчи доза менен, 277 805и экинчи доза менен эмделген.