Учурда миңден ашык ыктыярчы өлкөдөгү бардык убактылуу эмдөө пункттарында иштеп, дарыгерлерге жардам берүүдө.
Коронавируска каршы республикалык штабдан билдиришкендей COVID-19 пандемиясы башталгандан бери Кыргызстандагы Кызыл жарым ай коомунун ыктыярчылары медициналык персоналга жана калкка жардам берүүдө. Ыктыярчылар ыкчам чалуулар, кечиктирилгис жардам берүү, азык-түлүк жеткирүү жана башка маанилүү иштерде көмөк көрсөтүүдө.
Ошондой эле апрель айынын аягынан баштап ыктыярчылар калкка эмдөө жүрүп жаткан убактылуу эмдөө пункттарында нөөмөткө туруп жатышат.