Кыргызстанда акыркы бир күндө COVID-19дан беш бейтап көз жумду. 16-августка карата коронавирус дагы 237 адамдан аныкталды.
COVID-19га каршы Республикалык штаб билдиргендей, анын ичинде Бишкек шаарында – 120, Ош шаарында – 4, Чүй облусунда – 37, Ош облусунда – 1, Талас облусунда – 7, Ысык-Көл облусунда – 39, Жалал-Абад облусунда – 11, Баткен облусунда – 18 адамдан илдет табылган.
Ал эми бир суткада 469 адам илдеттен айыккан. Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 2 миң 101 бейтап, амбулатордук түрдө 3 миң 112 адам дарыланууда. Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 172 миң 327 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 132 миң 249 киши айыгып чыкса, 2 миң 451 адам каза болду.