Акыркы суткада 468 адам ооруну жуктуруп, жети адам каза болду. Азыркы тапта 2 283 бейтап ооруканада 4 миңге жакын адам үй шартында дарыланууда. Дарыгерлер оорунун улам жаңыдан чыгып жаткан штаммдарына туруштук берүү үчүн эмдөөдөн өтүүнү сунуштайт.
Илдет ылдам жайылып, ооругандар көп болуп жаткан аймактардын сап башында дагы деле Бишкек шаары менен Чүй облусу турат. Борбордо 262 адам катталса, Чүйдө 72 адам илдетке кабылган. Өткөн суткада эң аз көрсөткүч Ош шаарында катталып, 3 адам вирус жуктурганы аныкталды. Бул арада вирустан сактануу үчүн вакцина алган жарандардын саны 600 миңге жакындады. Азыр өлкөнүн бардык аймактарында жарандарга ыңгайлуу болгон коомдук жайларда эмдөө өнөктүгү журүп жатат.
Бир жарым жылдан бери ковид илдети менен күрөшүп келе жаткан дарыгерлер жоопкерчилик ар бир адамдын өзүндө экенин эскертишет. Санитардык талаптар так аткарылбагандыктан вирус жуктаргандардын саны эл көп жерде көбүрөөк байкалууда.
Азыркы тапта өлкө боюнча эмдөөдөн өткөндөрдүн саны 60 миңге жакындады. Анын үчтөн эки бөлүгү эмдөөнүн экиинчи дозасын алгандар. Акыркы суткада эле 26 миңден ашык адам вакцина алса, анын 18 миңден ашыгы экинчи дозасын алышты. Элдер 118 кызматы аркылуу да байланышып жашаган жерине жакын аймактардагы эмделүүчү пункттарды сураса болот. Кечээтен бери Бишкек шаарында 800 дөн ашык чалуулар болгон. Учурда 39 бригада шаардыктардын саламаттыгы үчүн түнү-күнү нөөмөттө турушат.