Дин ишмерлери элди коронавируска каршы эмделүүгө чакырат. Диний мекемелер менен саламаттык сактоо тармагынын өкүлдөрү өткөргөн жыйында вакцина алуунун шариятка каршы келбестигин калкка түшүндүрүү маселеси талкууланды.
Маалыматтарга караганда эмделүүдөн баш тарткандардын 60 пайызы диний жүйөөгө таянат. Бирок муфтият оорунун алдын алууга багытталган мындай чара исламга каршы келбестигин жарыялап, атайын фатва да кабыл алган. Эми жер-жерлерде түшүндүрүү иштери күчөтүлөт.