Балет театрынын солисти Кореяда өткөн сынакта 2-орунду ээледи
Новость

POST1RIGHTКыргыз балет бийчиси, Абдылас Малдыбаев атындагы улуттук академиялык опера жана балет театрынын солисти Марат Сыдыков Кореяда өткөн эл аралык сынакта, мыктылардын катарында 2-орунду ээледи. 2014-жылы Сочиде өткөн эл аралык өнөр таймашта экинчи орунду, былтыр болсо Сеулда 8-эл аралык таймашта 3 орунду, апрель айында өткөн 14-эл аралык конкурста 2-орунду ээлеген Марат Сыдыков, Сеул шаарында өткөн эл аралык сынакта 2-орунду багындырды.

Алгач Бишкектеги хореография окуу жайынан билим алган Марат Сыдыков 2006-жылы Улуу Британияга окуганы кеткен. 2010-жылдан бери опера жана балет театрында иштеп келет. Чет мамлекетен чакыруулар көп эле, бирок кыргыз балетин өркүндөтүшүбүз керек - деген бийчи, мекенине кызмат кылуудан тажабарын айтат.
Кыргыз балетинин жаш солисти Марат Сыдыковдун Эл аралык сынакта байгелүү орундарды багындырганы - анын балеттеги алгачкы гана ийгиликтери деп туралы.