Кыргызстанда коронавирус дагы 468 адамдан аныкталып, жети бейтап каза болду. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында – 262, Ош шаарында – 3, Чүй облусунда – 72, Ош облусунда –12, Талас облусунда – 8, Нарын облусунда – 12, Ысык-Көл облусунда – 37, Жалал-Абад облусунда – 37, Баткен облусунда – 25 адамдан илдет табылды.
Ал эми бир суткада 646 адам илдеттен сакайып чыккан. Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 2 миң 283 бейтап, амбулатордук түрдө 3 миң 668 адам дарыланууда. Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 171 миң 238 адам коронавирус жуктурду. Алардын ичинен 161 миң 450 киши айыгып чыкса, 2 миң 433 адам каза болду.