Кыргызстанда коронавирус дагы 382 адамдан табылып, 7 бейтап каза болду
Новость www

Кыргызстанда коронавирус дагы 382 адамдан табылып, жети бейтап каза болду. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирди. 

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында – 218, Ош шаарында – 5, Чүй облусунда – 52, Ош облусунда –17, Талас облусунда – 5, Нарын облусунда – 10, Ысык-Көл облусунда – 39, Жалал-Абад облусунда – 11, Баткен облусунда – 25 адамдан илдет табылды. Ал эми бир суткада 771 адам илдеттен сакайып чыкты. Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 2 миң 455 бейтап, амбулатордук түрдө 4 миң 31 адам дарыланууда. 

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 170 миң 353 адам коронавирус жуктурду. Алардын ичинен 160 миң 51 киши айыгып чыкса, 2 миң 420 адам каза болду.