Кыргызстанда соңку суткада 471 адамдан коронавирус табылып, 6 бейтап каза болду. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.
Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 212, Ош шаарында – 7, Чүй облусунда – 110, Ош облусунда – 5, Талас облусунда – 14, Нарын облусунда – 4, Ысык-Көл облусунда – 38, Жалал-Абад облусунда – 60, Баткен облусунда – 21 адамдан илдет табылды. Ал эми бир суткада 995 адам илдеттен сакайып чыкты. Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 2 миң 609 бейтап, амбулатордук түрдө 4 миң 481 адам дарыланууда.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 169 миң 971 адам коронавирус жуктурду. Алардын ичинен 159 миң 280 киши айыгып чыкса, 2 миң 413 адам каза болду.