Ош шаарына достук мамиледеги Кытай Эл Республикасынын Цинхай провинциясынын Синин шаарынан медициналык каражаттар менен гуманитардык жардам 9-августта келип түштү.
Анда медициналык беткаптар, респираторлор, коргоочу костюмдар, инфракызыл термометрлер бар. Жардамды Ош шаарынын вице-мэри Эмил Шадыханов кабыл алып, Кытай тараптан келген өкүлдөргө ыраазычылык билдирди. Гуманитардык жүк Ош шаарындагы жаңы типтеги COVID-19дун таралышын алдын алуу максатында шаардын мамлекеттик жана муниципалдык ишканаларына бөлүштүрүлөт.