Кыргызстанда акыркы суткада коронавирус жуктурган 8 бейтап каза болду
Новость www

Кыргызстанда акыркы суткада 483 адамдан коронавирус табылып, 8 бейтап каза болду. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.

 Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында - 281, Ош шаарында - 4, Чүй облусунда - 31, Ош облусунда - 4, Талас облусунда - 7, Нарын облусунда - 19, Ысык-Көл облусунда - 71, Жалал-Абад облусунда - 57, Баткен облусунда - 9 адамдан илдет табылды. Ал эми бир суткада 1 миң 360 адам илдеттен сакайып чыккан. Сутка ичинде COVID-19 илдетинен өлкө боюнча 8 бейтап каза болду. 

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 2 миң 850 бейтап, амбулатордук түрдө 4 миң 564 адам дарыланууда. Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 169 миң 500 адам коронавирус жуктурду. Алардын ичинен 158 миң 285 киши айыгып чыкса, 2 миң 407 адам каза болду.