Талас районунда коронавируска каршы эмдөө иши уланууда
Новость

Район боюнча 37 миң 700 адам вакцина ала тургандардын тизмесине киргизилген. Ал эми вакцина алуу өнөктүгү үчүн 22 эмканада атайын пункттар уюштурулган. Кошумча 2 мобилдик топ иштеп жатат. 

Өткөн аптада Талас облусуна 80 миң доза вакцина келген. Анын 11 миң даанасы Талас районуна бөлүнгөн. Учурда 4 миң 268 адам эмделди. Мобилдик топтор бир гана айыл ичинде үймө үй кыдырбастан, Суусамыр, Түз-Ашуу жайлоолорундагы эс алуучуларга, малчыларга чейин барып жатышат. Муну менен катар эмдөөдөн өтүүнүн жол жобосун, пайдасын түшүндүрүү иштери да жүрүүдө.