Кыргызстанда акыркы суткада COVID-19га каршы 19 миң 900 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штабдан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, анын ичинен 8 миң 570 адам вакцинанын биринчи дозасын, 11 миң 330 адам экинчи дозасын алган. Өлкө боюнча COVID-19га каршы вакцинанын биринчи компонентин жалпы 537 миң 202 адам, экинчи компонентин 168 миң 119 алды.