AstraZeneca вакцинасы боюнча абал иликтенет
Новость

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова Республикалык ыкчам штабдын кезектеги кеңешмесин өткөрдү. 

Анда өлкөдөгү эпидемиологиялык абал, эмдөө өнөктүгүн, анын ичинде медицина кызматкерлери арасында вакцинациялоонун жүрүшү, ошондой эле жаңы окуу жылына карата даярдыктар талкууланды. Өз кезегинде Жылдыз Бакашова Ала-Букадагы AstraZeneca вакцинасын алгандан кийин абалы начарлап кеткен аскер кызматкерлерине тынчсыздануусун билдирди. Ал жагдайды иликтеп, терс таасирлердин келип чыгуу себептерин аныктап чыгууну тапшырды.

Ошондой эле Жылдыз Бакашова коронавирустук инфекциянын жана жугуштуу пневмониянын күнүмдүк катталган учурларынын саны кыскарып жаткандыгы боюнча оңдуу динамиканы белгиледи жана жамааттык иммунитетти калыптандыруу үчүн вакцинациялоо темпин ылдамдатуу зарылдыгын белгиледи.