Кыргызстанда 7-августка карата коронавируска каршы 530 889 адам эмделип, вакцинанын 1-дозасын, ал эми 160 699 адам 2-дозасын алды.
Учурда дагы 2 344 509 доза вакцина бар. Акыркы суткада жалпы өлкөдө 24575 адам эмделди, анын ичинен 11395 киши биринчи дозаны, 13189 адам экинчи дозаны алды.
Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөө 29-мартта башталган. Эмделгендердин эсеби Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Электрондук саламаттык борборунун маалымат базасында күнү-түнү жаңыртылууда.
Учурда республиканын бардык аймактарында Sinopharm жана "Спутник V" вакциналарын алууга шарт бар. Вакцина 18 жаштан улуу курактагы бардык каалоочуларга сайылууда. Кыргызстандын калкы 6,5 миллион адам. Алардын 30% 15 жашка чейинкилер.