Бүгүнкү күндө инсультка кабылгандардын саны көбөйүп, жашарып бара жатканы байкалууда. Бул тууралуу Улуттук госпиталдын невролог дарыгери Дариха Бакаева билдирди.
Айтымында, инсульт оорусунун көбөйөйүшүн неврологдор коронавирус менен байланыштырып жатышат. Анткени вирус майда кан тамырлардагы кан бүртүкчөлөрүн пайда кылып, алардын сезгенүүсүнө алып келет.
Ошондой эле дарыгер COVID-19 менен ооруп айыккандарда да көпчүлүк учурда мээге кан куюлуу, ишемиялык инсульт, “Гийена- Барре” синдрому, узак убакытка чейин чарчоо, уйкусуздук, алсыздык, коркунуч, көңүл чөгүү, эс тутумдун начарлоосу башка жугуштуу ооруларга караганда көп кездешип жатканын билдирет.