Штаб: 6-августка карата коронавирус дагы 658 адамдан аныкталып, 8 бейтап каза болду
Новость www

Кыргызстанда 6-августка карата коронавирус дагы 658 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет. 

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 345, Ош шаарында – 9, Чүй облусунда – 80, Ош облусунда – 18, Талас облусунда – 10, Нарын облусунда – 14, Ысык-Көл облусунда – 59, Жалал-Абад облусунда – 74, Баткен облусунда – 49 адамдан илдет табылган. Ал эми бир суткада 1 миң 532 адам илдеттен сакайып чыккан. Сутка ичинде COVID-19 илдетинен өлкө боюнча сегиз бейтап каза болду. 

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 3 миң 173 бейтап, амбулатордук түрдө 6 миң 874 адам дарыланууда. Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 167 миң 734 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 153 миң 934 киши айыгып чыкса, 2 миң 380 адам каза болду.