Жыл өткөн сайын кыргыз спортчуларынын деңгээли жогорулап жатат. Мындай пикирин UFCнин (ЮФСнин) мурдагы чемпиону Хабиб Нурмагомедов белгилеп, Кыргызстанды машыгуу жүргүзүүгө ыңгайлуу өлкө экенин айтты. Ал Чолпон-Ата шаарында уюштурулган мелдештен кийин Бишкекке келип, атайын маалымат жыйын да өткөрдү.
Даңазалуу спортчу Кыргызстанга экинчи ирет келип отурат. Ал Ала-Тоонун абасына, жаратылыш шартына суктанганын дагы бир ирет белгиледи. Тоо койнунда машыгуу ийгилик алып келээрин айтты. Соңку жылдары Кыргызстандын спортчулары дүйнөлүк аянтчада төбөсү көрүнө баштаганына кубанат.