Өлкөдө акыркы бир күндө 18 миң 52 адам COVID-19га каршы эмдөөдөн өттү
Новость

Өлкөдө акыркы бир күндө 18 миң 52 адам COVID-19га каршы эмдөөдөн өттү. Анын 1 миң 536сы вакцинанын экинчи дозасын алды. Дарыгерлер вакцина алуу жолу менен гана вирустун андан ары жайылышына бөгөт коюуга болоорун билдирүүдө. Себеби эпидемиологиялык абал Кыргызстанда эле эмес, дүйнө жүзүндө да турукташа элек.