COVID-19: Акыркы суткада COVID-19га каршы 18 миң 52 адам эмдөөдөн өттү
Новость www

Кыргызстанда акыркы суткада COVID-19га каршы 18 миң 52 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штабдан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 16 миң 516 адам вакцинанын биринчи дозасын, 1 миң 536 адам экинчи дозасын алган. Өлкө боюнча COVID-19га каршы вакцинанын биринчи компонентин жалпы 474 миң 41 адам, 118 миң 284 адам экинчи компонентин алды.