Кыргызстанда 3-августка карата коронавирус дагы 797 адамдан аныкталды
Новость www

Кыргызстанда 3-августка карата коронавирус дагы 797 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет. 

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 445, Ош шаарында – 3, Чүй облусунда – 123, Ош облусунда –13, Талас облусунда – 20, Нарын облусунда – 16, Ысык-Көл облусунда – 51, Жалал-Абад облусунда – 70, Баткен облусунда – 56 адамдан илдет табылган. Ал эми бир суткада 1 миң 794 адам илдеттен сакайып чыккан. Сутка ичинде COVID-19 илдетинен өлкө боюнча 10 бейтап каза болду. 

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 3 миң 493 бейтап, амбулатордук түрдө 9 миң 174 адам дарыланууда. Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 165 миң 540 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 149 миң 171 киши айыгып чыкса, 2 миң 354 адам каза болду.