COVID-19: Өлкөдө күнүнө 15 миңдей адам эмделүүдө
Новость www

Кыргызстанда калктын ишке жарамдуу бөлүгүнүн 20 пайызы коронавируска каршы вакцина алды. Бул тууралуу Вирустарды көзөмөлдөө боюнча республикалык илимий-тажрыйбалык борбордун жетекчиси Зуридин Нурматов билдирди. 

Айтымында, негизи жалпысынан калктын 7-8 пайызы эмделди. "Бирок 6,5 миллион жарандын баарын эле эсепке ала албайбыз. Бир миллионго жакын жаран миграцияда жана алты миллиондун ичинде жаш балдар да бар. Буларды алып салганыбызда калктын ишке жарамдуу бөлүгүнүн 20 пайыздан ашыгы вакцина алды", — деди Нурматов. Алдыдагы айларга божомолун айткан дарыгер калктын 60-70 пайызында дартка иммунитети пайда болуп калганын белгиледи. 

"Азыр күнүнө 15-20 миң адам вакцина алып жатат. Мындай ыргакта кетсек, эмделгендердин саны 90 пайызга жетет. Анда түрдүү штаммдарга карабай ооругандардын саны азыркыдай жогорулабайт. Коронавирус да сасык тумоодой мезгил-мезгили менен бир аз гана адамдар арасында айланып жүрө бере турган абалга келип алат", - деди ал.