Борбор калаа Бишкекте жана жака-белиндеги коронавирус жуктургандарды кабыл ала турчу ооруканаларда 867 бош орун бар. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Маалымат бүгүн, 31-июль, саат 10:00гө карата берилди. Улуттук хирургия борбору — 13, Улуттук фтизиатрия борбору — 7, Республикалык клиникалык инфекциялык оорукана — 47, №2 клиникалык төрөт үйү — 24, №1 шаардык клиникалык оорукана — 51, Улуттук кардиология жана терапия борбору — 13, Чүй облустук бириктирилген оорукана — 25, Улуттук госпиталь: Улуу Ата Мекендик согуштун майыптары үчүн бөлүмү — 45, Улуттук онкология жана гематология борбору — 40, Улуттук госпиталь: урология корпусу — 15, Улуттук госпиталь: мобилдик госпиталь — 40, Наркология боюнча улуттук борбор — 30, Аскердик госпиталь — 13, Курортология жана калыбына келтирүү илим-изилдөө институту— 235, Улуттук госпиталь: нейрокорпус — 70, Дайыр Асанов атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейи — 151, Эне жана баланы коргоо улуттук борбору — 44, КММА, Фтизиатрия борбору— 4 орун бар.