Кыргызстанда 31-июлга карата коронавирус дагы 919 адамдан аныкталды
Новость www

Кыргызстанда 31-июлга карата коронавирус дагы 919 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.

 Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында – 515, Ош шаарында – 6, Чүй облусунда – 154, Ош облусунда – 29, Талас облусунда – 10, Нарын облусунда – 23, Ысык-Көл облусунда – 50, Жалал-Абад облусунда – 73, Баткен облусунда – 57 адамдан илдет табылган. Сутка ичинде 1 миң 580 адам илдеттен сакайды. 

Соңку бир күндө COVID-19 илдетинен өлкө боюнча 14 бейтап каза болду. Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 3 миң 831 бейтап, амбулатордук түрдө 10 миң 860 адам дарыланууда. Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 162 миң 892 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 144 миң 564 киши айыгып чыкса, 2 миң 325 адам каза болду.